Жалдагы үрөй учурган мушташ. Шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтү 31-мартка чейин узартылды

Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү дагы узартылды. Тактап айтканда, алар 31-мартка чейин камакта болушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрда Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jaznura
2020-02-14 16:01:47
Буларды камап мөөнөтүн өзгөртпөй эле койсун.
+3
aizira
2020-02-14 16:29:43
Ошол сабалган балдар эмне болушту экен.? Супер алардын абалынан да кабар албайсынарбы? А бул айбандарды омур бою эркинен ажыратыш керек...
+5
Alia82
2020-02-14 17:49:09
Неге созуп атышат эмне далил жетишсиз болуп мойнуна коё албай атышабы... элдер унутсун деп эле созуп аткандай го...
+3
Abdizhapar
2020-02-14 18:57:39
Акмак кудайдан коркпогон соттор узартып олтуруп 3 жылга кесет да сизодо олтурган бир кунун 3 кунго эсептеп чыгарып жиберет
+3
Kuban-1207
2020-02-14 20:30:50
Булардын козу жаман 15 жылдан кесиш керек эмнеге созуп атат мыкаачыларды
+3
al-abu-kinesz
2020-02-15 11:06:35
Эгер ушундай сыяктуу оор кылмышты акчасы жок таанышы жок бироо кылганда 1 айга жеткирбей турмого камашмак. Ушул мыкаачылардын ишин созгондор да мыкаачы экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан