Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташта сабалган эки жарандын абалы дале оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу жабырлануучулардын жакындары билдиришти.
"Бир-эки сөз сүйлөй алышат. Бирок өздөрүнө дагы деле келише элек. Бир аз жетелеп бастырып жатабыз. Азырынча операция жасала элек. Москвадан атайын керектүү жабдыктар алынып келиши керек экен", - деди жабырлануулардын жакындары.
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген.