Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүнкү отурумга мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаева күбө катары чакырылган. Анын күбө катары суракка чакыруу өтүнүчүн сотко Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу келтирген.
Окуянын чоо-жайы:
21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан учурда Текебаевдин ишин кайра кароо таржымалы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.