Саясатчы Өмүрбек Текебаев укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-сентябрда билдирди.
Анын айтымында, өзүнө козголгон кылмыш иште көрсөтмө берген Алексей Модиндин үстүнөн арыз жазган. Арызда ал жалган көрсөтмө бергендиги үчүн Модиндин жоопкерчиликке тартылуусун сураган.
"Ички иштер органы менин арызымды кабыл алып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Күбөлөр суралууда. Анын калп айткандыгы боюнча күбөлөр жана далилдер бар", - деди ал.