Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланууда.
Анда айыптоочу тараптын күбөлөрү келбегендиги айтылды. Алардын ичинен негизги күбөлөр болгон Алексей Модин менен Леонид Маевский ушул жылдын жай айларында эле Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткендери белгилүү болду. Күбөлөр мындай кадамын өлкөдө коомдук-саясий кырдаал өзгөргөндүгү менен түшүндүрүшкөн.
Окуянын чоо-жайы: 21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.