Мамлекеттик чек ара кызматы: "Тажикстан тараптан белгисиз адамдар кыргыз тарапка ок аткан"

Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан Баткендеги чек ара чырына байланыштуу маалымат таратты. Анда жарадар болгон жаранга тийген ок колун тешип өткөнү жана азыркы тапта анын абалы туруктуу экени айтылат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта Кыргыз-Тажик Мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш участкасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар тарабынан болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алган.

"Ок колун тешип өткөн жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Аскер кызматкердин абалы туруктуу деп бааланууда. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Азыркы тапта абал туруктуу", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dani
2020-08-06 10:32:07
Кол куушуруп отура берет экенбизда,абал туруктуу,и т д деп,ээх бийликтегилер качан ойлоносунвр
+5
Raihan0602
2020-08-06 11:05:47
Шайлоого барабыз деп жандарын сабабай чек ара маселелерин чечип койушса болмок.Айта берсең арман көп кимге барып кимге айтабыз
+4
bond02
2020-08-06 11:15:41
Анчылыкка чыгышкан го дейм тажиктер кыргыздарга.
+3
zilish_kg
2020-08-06 11:24:36
Ким атканы табылмайынча, табылып бизге өткөрүлүп берилмейинче на глухо жаап таштагыла чек араны. Адам өмүрү кымбат турат, жакшы дагы тирүү калыптыр. Чечкиндүү болуш керек раз уж алар жактан кеттиби так так мойнуга койуп тиешелүү чараларды көрүш керек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат , нота жөнөттүк дебей. Чек араны чечип зым менен тосмойунча тынч жашоо болбойт өңдөнөт.
+6
tina-Tin
2020-08-06 11:30:55
Сооронбай Шарипович(ушинтип да кайрылып королу) качан чек ара жонундо ун катасыз. Уктап жаткан аюудай эле болуп калдынызго.
+11
Mirnar
2020-08-06 11:31:39
Тез арада к
уноолу адамдарды таап бизге откозуп бергиле деп катту эле айтпайсынарбы?
+2
al-abu-kinesz
2020-08-06 11:44:39
Суйлоштук, экинчи кайталанбайт деди.
Уже эле биздикилердин ответин билебиз.
+7
Moskva93
2020-08-06 15:23:14
Энеңерге абал туруктубу бийликтегилер юбка эле кийип алгыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан