Кыргыз-Тажик чек арасындагы Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келишти

Бүгүн, 25-июлда жаңжал чыккан Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

"Мен азыр чек арадагы Ак-Сай айылындамын. Учурда абал туруктуу. Эл өзүнүн күнүмдүк жашоо ыргагына өттү. Жергиликтүү калк өзүнүн тиричилигин жасап жатат. Көчүрүлгөн эл үй-жайларына кайтып келди", - деди Мадумаров.

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан