Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалга нааразы болгондор Ак Үйдүн алдына топтолушкан. Алардын 10 чактысын милиция кызматкерлери кармап кетсе, калгандарын Биринчи Май райондук акимиатына алып барышты. Ал жерден тургундарды акимдин орун басары Мавлян Аскарбеков тосуп алды. Митингчилерге Ак Үйдүн астында эмес, Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта улантуусун айтышты.
Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары дагы 13 жарандын жаракат алганы маалымдалган.