Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган жарандар мекенге кайтарылганы маалымдалды

Бүгүнкү күндө Тажикстанда кармалып турган жалпы 12 Кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып, коңшу мамлекеттик органдары тарабынан кармалган Баткен облусунун беш жашоочусу, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргыз өлкөсүнө кайтарылган. Ошондой эле 26-февралда Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал-мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылганы маалымдалды.

"Кыргыз өлкөсүнүн кармалган жарандары Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан коё берилди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 23-февраль күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун жергиликтүү үч тургуну ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Кыргыз өлкөсүнө кайтарылган. Анткени алар Тажикстандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалганы үчүн эскертүү гана берилген.

Учурда облустун чек аралаш аймактарында чек арадан өтүү эрежелери боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.

Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча эртең, 16-мартта Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элинин суранычы боюнча, пандемиядан улам жабылган Лейлек районундагы “Кулунду” жана “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камакка алынган. Алар да Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча жооп берет", - деп билдирди өкүлдүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова.

Буга чейин Тажикстан тарап Кыргыз жарандарын кармап кеткени айтылган.

Андан кийин Баткенде митинг өтүп, топтолгондор барымтага алынды делген жарандарды чыгарып берүүнү талап кылышкан.

Ал эми УКМК "Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана алардын барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт" деп маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан