150 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталып жаткан Икрамжан Илмиянов соттук отурумда көрсөтмө берүүдө

Тектеш кабарлар: Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголду (37 материал)

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишти кароону улантат.

Сот башталар алдында Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Тынарбек Аскаров сот бүгүн чечимди угузуп калышы мүмкүн экендигин айтты. Ал соттон акыйкат чечим күтүп жатканын кошумчалады.

"Бүгүнкү сотто Икрамжан Илмияновго карата соттун чечими чыгып, угузуп калышы мүмкүн. Биз албетте, соттон акыйкат чечим күтүп жатабыз", - деди жактоосу.

Отурум башталгандан кийин Илмиянов көрсөтмө берүүдөн мурун сотко кайрылды. Ал бүгүнкү көрсөтмөлөрү чечим кабыл алууга өз таасирин тийгизеби деген суроону берип, андан соң көрсөтмө берүүнү баштады. Айтымында, өзүнө козголгон кылмыш иш тууралуу ал чет өлкөдө жүргөндө туугандарынан уккан. Бул кабарды угаары менен өлкөгө кайтып келгенин белгиледи. Ал соттук отурумдарга өзүнүн актыгын далилдөө үчүн катышып жатканын, ага айыптар негизсиз коюлуп жатканына токтолду.

"Урматтуу сот, бул ишти акыйкат, далилдүү териштирип, акты ак, караны кара деп чечим чыгарып бериңиз. Анткени бул иш жалаа, далил жок. Биздин үй-бүлө, тууган-урук сизден ишти так териштирип, акыйкат чечим кабыл алат деп үмүттөнөбүз", - деди Илмиянов көрсөтмө берип жатып.

Буга чейин 23-октябрда Октябрь райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отуруму өтүп, ал өзүнө коюлган дооматтарга каршы экендигин билдирген.

Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып тагылууда.

2018-жылы Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2019-10-30 10:55:39
Ихлас курган уйлордон бей бечераларга берсин жардам кылып.
+2
Erik2018
2019-10-30 10:59:39
Башка иштерин чукуса Икрам омур боюу абакта отурса да жепейт
+3
altyn-kumush
2019-10-30 11:04:47
Икрамжан Илмиянов акыркы сөзүн айтып өкүмүн угуп, андан аркы жашоосун көз алдына элестетип жаткан чыгар. Эмне болсо да кылмыш кылардан мурда ойлонуш керек эле да.
+2
Tai19
2019-10-30 11:32:34
Жакшы башкаларга окшоп тууган уругун жыйып келип митинг уюштурбаптыр сотун алдыда!
+1
Nestana95
2019-10-30 23:21:47
Карызды жапкыла онбогон бийлик,кантип уктап атасынар тынч?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан