Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмияновго карата соттун чечими чыкты. Соттук кароо бүгүн, 30-октябрда уланды.
Сот Илмияновду 7 жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Мындан тышкары, анын мүлктөрү конфискацияга алынарын жана ага 160 миң сом айып салына тургандыгын айтты.
Илмияновго 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып тагылган.
2018-жылы Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.
Илмияновдун кылмыш иши боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.