"Икрамжан Илмияновду кармоо иши таң калычтуу тездик менен жүрдү". Мындай пикирин журналисттерге Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
"Биринчи Май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ага "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып жатат.
Эмне мынча кеч чыкканыбыздын себеби сот кандайдыр бир себептер менен тергөө иши көрсөткөн документтердин көчүрмөсүн берүүдөн баш тартып жатты.
Мени таң калтырганы - эмнегедир сот ачык болбой жатат. Көпчүлүктү киргизген жок.
Кыскача айтканда, Илмияновду кармоо мыйзамсыз болду. Анын кармалышы боюнча менде суроолор толтура. Айып тагуу да, кармоо да, баш коргоо чарасын кароо да аябай тез болгондугу көптөгөн суроолорду жана шектенүүлөрдү пайда кылат.
Эч кандай сотко чакыруу кагазы келген жок. 18-октябрда сырттан камакка алынып, ошол эле күнү издөө жарыяланды. А бүгүн, тактап айтканда, кечээ, 19-октябрда кармалып УКМКга жеткирилди. Мындай тездикке мен абдан таң калдым. Бул жол-жоболорго туура келбейт. Өзүмө-өзүм мындай тездикке эмне себеп болду экен деп суроо берип, жооп таппай турам", - деди Слесарев.
Айта кетсек, 20-октябрга караган түнү Икрамжан Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.