Лейлек районундагы Катран, Баул жана Өзгөрүш айылынын тургундары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө. Алар Катран айылына чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөнүн SUPER.KG'ге 24-октябрда район акими Баймурат Бекмуратов тастыктады.
Маалым болгондой, тынчтык митингине чогулгандар президент, өкмөт башчы жана УКМКнын төрагасынан Илмияновдун ишин калыс карап, аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Учурда алар өлкө жетекчилигине кайрылуу жиберүү үчүн кол топтоп жатышат.
Буга чейин УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Орусиядан кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.