Икрамжан Илмияновдун иши кайсы сотто карала турганы белгилүү болду

Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгында Илмиянов "ири көлөмдөгү зыянга учураткан алдамчылык" беренесинин негизинде шектелип жатканы боюнча кабардар болду. Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы инспектору Р.Шакиров "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде шектелип жатканы боюнча маалыматка ээ болду.

Бул кылмыш иши УКМКдан Башкы прокуратуранын кароосуна түшкөн. Аны изилдөөнүн жыйынтыгында 8-июлда Илмияновго жана Шакировго карата айыптоо акты бекитилип, иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү.

Былтыр Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан