Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы Жогорку Сотто каралууда

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сотто экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

Соттук жамаат ишти анын жактоочулары Тынарбек Аскаров менен Сергей Слесаревдин катышуусунда гана кароодо. Журналисттер киргизилген жок.

Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун Орусиядан кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган райондук сот аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган. 31-октябрда Бишкек шаардык соту анын ишин карап райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан