Икрамжан Илмияновдун жактоочусу: "Илмиянов коюлган дооматтарды моюндаган жок"

Бүгүн, 23-октябрда Октябрь райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соттук териштирүү иши өттү.

Соттун жыйынтыгында Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Тынарбек Аскаров соттун жүрүшү боюнча SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, айтылган дооматтарды Илмиянов сот учурунда моюндаган эмес.

"Соттук отурум саат 10:00дө башталып, Илмиянов өзү көрсөтмө берди. Анын көрсөтмөсүнөн кийин отурум түштөн кийин дагы улантылды. Анда жарыш сөздөр болду. Прокурор өз оюн, биз дагы өз оюбузду айттык. Ошону менен соттук иш 30-октябрь саат 10:00гө жылдырылды.

Ал эми Илмиянов өз көрсөтмөсүндө, ага коюлган айыптарды курулай доомат деп атап, анын чындыкка дал келбестигин айтты. Илмияновго коюлуп жаткан дооматтар далил менен тастыкталган жок. Соттук отурум дагы өз ордун тапкан жок. Айыптоочу тарап дагы койгон күнөөсүн далилдей албады. Ошондуктан сот акыйкат жана мыйзамдуу чечим чыгарат деп күтүп жатабыз", - деди жактоочу Аскаров.

Былтыр Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча иш козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстан өлкөсүнөн кармалган.

Мындан сырткары, ага президенттик аппаратты жетектеп турганда ишкерден 150 миң доллар пара алган деп шектелип, кылмыш иши ачылган.

Жактоочу Тынарбек Аскаров: "Илмиянов коюлган дооматтарды моюндаган жок"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан