Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынын уюштурду. Анда журналисттер экс-президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу суроо беришти.
"Мен Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабында иштегем. Анда ар кимдин өз милдеттери болгон. Каражаттарга менин тиешем да, ишим да болгон эмес. Мага түздөн-түз шайлоочулар менен жолугуу багыты жүктөлгөн. Илмияновдун иши боюнча тергөө көрсөтөт", - деди Өмүркулов.
Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк "Дизель комплект" компаниясынан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.