Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПдан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карайт.

Айта кетсек, 20-октябрга караган түнү Икрамжан Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан