Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп, жабырлануучу мүрт кетти. Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгон жерде тактоо иштери жүрүп жатканын айтат.
"Жол кырсыгы бүгүн, 30-октябрда болжол менен саат 22:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда айдоочу аял кишини сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Учурда айдоочунун жана маркумдун аты-жөнүн аныктоо иштери жүргүзүлүп, кырсыктын келип чыгуу себептери тергелүүдө", - дейт маалымат кызматынан.