Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында BMW E34 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучу алган жаракатынан каза болгонун Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.
"Жол кырсыгы бүгүн, 12-июлда түнкү саат 03:00 чамасында Бактуу-Долоноту айылында ипподромдун жанында болгон. Анда Чолпон-Ата шаарынын 1991-жылы туулган С.А. аттуу тургуну BMW E34 унаасын айдап бара жатып, жолдун четинде бара жаткан адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу Бактуу-Долоноту айылынын 2001-жылы туулган З.Н. аттуу тургуну болгон. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалында унааны катуу ылдамдыкта айдап келе жаткан. Бул факт боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматы.
Ошондой эле башкармалыктан унаа Бишкек шаарында каттоодо турганын кошумчалады.