Беш-Күнгөйдө мотоцикл башкарган айдоочу жол тандабасты сүзүп, кырсыктан 1 адам каза болду

Чүй облусуна караштуу Беш-Күнгөй айылында мотоцикл жол тандабасты сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен мотоциклди башкарып бара жаткан айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-июнда саат 17:00 чамасында орун алган.

"Мотоцикл башкарып бара жаткан айдоочу Беш-Күнгөй айылынан тоону көздөй бара жатып, бурулушта токтоп турган жол тандабасты аркасынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу каза болгон. Ал эми жол тандабастын айдоочусу жол эрежесин бузган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, убагында токтогонго үлгүрбөй калган. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - дейт маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2019-06-09 17:16:09
Кечээ кечинде болгон. Биз машина менен отуп баратканда жаткан...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан