Кыргыз өлкөсүнүн бокс боюнча уландар арасында курама командасы Азия чемпиондугуна катышат. Уландар арасында Азия биринчилиги 8-ноябрдан 18-ноябрга чейин Улан-Батор (Монголия) шаарында өтөт.
Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан тогуз мушкер катышат. Алардын алтоо жана эки машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды, дагы үч мушкер башка каржылоо булактары менен мелдешке катышат.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
49 килограмм - Бактыбек Садырбек уулу
52 килограмм - Нурсейит Аширмаматов
56 килограмм - Мирзахит Имамназаров
60 килограмм - Ороскулов Айдар
64 килограмм - Бактыбек уулу Эдил
69 килограмм - Рустамбек уулу Нурадин
75 килограмм - Тургунов Ислам
81 килограмм - Азамат уулу Айдар
91 килограммдан жогору - Усупов Ахмед
Данияр Төлөгөн уулу - Ага машыктыруучу