Кытайда 36 жаштагы аял баласына математика сабагы боюнча үй тапшырмасын аткарууга жардам берип жатып, инфарктка кабылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, бул окуя Кытайдагы Хубэй шаарында болгон. Анда аял 3-класстагы баласына математика сабагынан үй тапшырмасын бир канча жолу түшүндүргөн, бирок баласы түшүнбөй койгон.
"Мен бир канча жолу түшүндүрдүм, бирок ал түшүнө албай койду. Абдан ачууландым. Бир убакта жүрөгүм катуу согуп баштап, түзүк дем ала албай калдым", - деген ал.
Жолдошу аны дароо ооруканага алып барган жана дарыгерлер ага миокарддын инфаркты деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер бейтаптын тез арада бутка турушун камсыз кыла алышкан. Кийинчерээк ал кээ бир учурларда баласына ыраазы болбой каларын, бирок мындай окуя болорун эч качан ойлобогонун кошумчалаган.