"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгону бүгүн түрк басылмалары аркылуу маалым болду. Анда жайылтылган фото-видеолордо жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа да бар. Жашыл түстөгү номердик белгиде ак түс менен жазылган мындай номерлер консулдуктарга тиешелүү болуп саналат.
Бул маалымат боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, анын өкүлү бүгүн эртең менен Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулуна билдирүү жөнөтүлгөнүн билдирди. "Бирок тийиштүү маалымат келе элек" деди басма сөз кызматынан Уланбек Дыйканбаев.
Буга чейин Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан кетер алдында Тышкы иштер министрлигиндеги бир топ былык иштерди атап өтүп, анын катарында элчиликке катталган дипломатиялык номурду малайзиялык жаран алып жүргөнүн ачыктаган.