Түрк басылмалары Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү делинген 2 Кыргыз жараны кармалганын жазып чыгышты

"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип 3 жаран Сирияга качууга аракет кылып жаткан жеринен кармалганын, алардын экөө Кыргыз жараны болгонун бир катар түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүүлөр Түркиянын Адана шаарынан кармалган. Алар Кыргыз жарандары Хусейин Ахметалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Ысбех болгон.

Сурак учурунда кылмышка шектелип жаткандар Айэркен Саймаитинин Кыргыз өлкөсүндө аласа-бересе маселери болгонун, мындан улам ага кол салганын айтышкан. Ошондой эле кылмыш учурунда айдап жүргөн унааны Стамбул шаарындагы Пендик аймагына токтотконун билдиришкен.

Кечээ, 11-ноябрда түрк басылмалары Айэркен Саймаитини Стамбул шаарындагы Фатих аймагында "Миллет-Стрит" мейманканасында белгисиз жарандар атып кетишкенин жазышкан. Оор жаракат алган Айэркен Саймаити ооруканадан жан берген. Окуя болгон жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Бул унаа боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги үн катпай жатат.

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулду.

Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Absamat-90
2019-11-12 16:07:57
Машына Сопоков деген консулдуку, ал Атамбаевдин экс шоопуру турбайбы. Ошондо буларды байланыштырган бир нерсе болсо керек да. Озунун кызматтык унаасын ишенип Саймаитиге берсе.
-5
Jaznura
2019-11-12 16:11:22
Хусеин Атамбаевдин "Медиа форум" мекемесинде иштеп жүргөн экендиги айтылып жатат. Ошондо бардык тиешелүү шектүүлөр ашага барып такалып жатат. Демек, акча чыгарып кеткен Саимаитини да Ашанын мурдагы шоопуру бар жерде атканы буга бир далил болуп берет.
-6
KG-zigit
2019-11-12 16:27:02
Биринин богун бири жеп атышат го.
Бул кетиште коп нерсенин бети ачылат болуш керек
+5
bessmertiy
2019-11-12 16:42:02
Маселери дебей туура жазгылачы.
-3
Losw1
2019-11-12 18:58:57
Раим миллионерге алып барышы мумкун бул кылмыштын учугу....
+7
aydinnur
2019-11-12 20:56:26
Ракеме барбаса болду жиптин учу...Андан ары белгилуу да зоотехник тарапка бараары..
+3
murat17
2019-11-12 22:18:29
булардын баары кыргыз эмес туркбу же уйгурбу же озбек накта кыргыз эмес кебетеси
+1
tular
2019-11-13 00:32:12
Кармалгандардын улуту башка, бирок Кыргыз паспортун сатып алгандар...
+2
KaGaH
2019-11-13 04:27:54
Саткыла паспортту он солго ХХХХ
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан