ЖЭБ соту: "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Жолдош Назаров: "Мен сурак берүүдөн баш тартам"

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Жолдош Назаров сурак берүүдө. Ал өзүнө коюлуп жаткан коррупция беренеси туура эмес экендигин билдирет.

"Эгер мага карата бөгөт чара өзгөртүлсө, отурумга убагында келип, убагында кетип турам. Эч жакка качып кетпейм деп сөз берем", - деди ал. Судья айыпталуучулардын бөгөт чарасы сурак процесси аяктагандан кийин караларын эскертти.

Ошол эле убакта Назаровдун жактоочусу "Мындан кийин Назаров бардык берилген суроолорго жооп бере албайт", - деп билдирди. Назаров жактоочусун тастыктап, "Мен сурак берүүдөн жана мага карата берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартам", - деди.

Судья бул алардын конституциялык укугу экенин айтты. Сурак берүү кезеги Темирлан Бримкуловго өттү.

Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан