Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү орун алып жатат.
"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүү кадамы болбогондо, ишке ашмак эместигин белгиледи.
"Күнөөсү жок адамдар үчүн камакта жетиштүү эле отурдук. Мен биз жаткан жерде жыландын баласынын жатышын да каалабайт элем. ЖЭБ долбоору ишке ашып жатканда жакшы иш жасап, элге кызмат кылып жатабыз деп ойлогонбуз. ЖЭБди жаңылоо муктаждыгы 1995-жылда эле пайда болгон. Ошондуктан ЖЭБ модернизациясы мамлекеттик деңгээлдеги долбоор болгон. Бирок каражат булагы табылбай, бул маселе көп жылдар бою чечилбей келген. Ал көптөгөн мамлекеттик, өкмөттүк өнүктүрүү программаларына кирген. Модернизациялоо үчүн инвестицияны тартуу аракеттери дагы жүрүп келген. Бирок 2012-жылга чейин "Электр станциялары" ишканасына жеңилдик берген шарттар менен бир дагы сунуш түшкөн эмес.1995-жылдан 2012-жылга чейин өкмөт дагы башкасы дагы инвестиция таба алган эмес. Бишкек ЖЭБи 2013-жылы дагы курулуп баштамак эмес. Ал ошол кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүү кадамдарынын жыйынтыгында башталып калган", - деди ал.