ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу айыпталып жаткандар күнөөсүз экенин айтышты

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштердин бирин кароо уланууда. Ишти судья Эмилбек Кайыпов карап жатат.

Сотто мамлекеттик айыптоочу "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана жылуулук борбордун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбековдун айыбын угузду. Буга чейинки отурумда "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев менен анын биринчи орун басары Нурлан Садыковдун айыбын угузган.

Аты аталгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айып тагылууда. Бирок соттун жүрүшүндө баары күнөөсүз экенин айтышты. Алардын бири Айбек Калиев "тагылып жаткан айып толугу менен жасалма, күнөөм жок" деп айтты.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kairhai
2018-11-15 16:53:45
Кененирээк маалымат берсеңер!
0
tular
2018-11-15 17:20:06
kairhai, Жазылып туратго куноосу жок экен деп. ТЭЦтин тонгонуна кыш куноолуу, катуу суук болуп. Ким билиптир ушунча суук болуп калаарына???
0
Rifle_I
2018-11-15 18:29:59
Бул жерде АШАны биринчи кармаш керек эле. Артынан Кытайга мейман болгон жепжутарларды кармаш керек. Артынан анан буларды кармаш керек. Сапар Исаков да көптү билет, ошону жакшылап кысыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан