Жактоочулар Бишкек ЖЭБи боюнча сот ачык болуусу тууралуу өтүнүч келтиришүүдө

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 27-февралда саат 9:30да Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу башталган. Соттук уктуруудан ага катышкандар 11:30да тыныгууга чыгышты. Саат 14:00дө уктуруу кайрадан уланат.

Соттук уктуруу жабык өткөндүгүнө байланыштуу тыныгуу учурунда SUPER.KG порталы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошевден соттук уктурууда эмнелер айтылганы тууралуу сурадык.

"Айыптоо корутундусуна түздөө киргизердин алдында жактоочулар тараптан мен жактап жаткан адамга карата ишти токтоткула деген өтүнүч болуп, жүйөлөрүн келтиришкен. Айыптоочулар жактоочулар тараптан келтирилген жүйөлөрдү текшерип, айыптоо корутундусунда көрсөтүшү керек эле. Тергөөчүлөр "жүйөлөрдү текшердик, негиздүү эч нерсе тапкан жокпуз, бул ишти сотко жиберип жатабыз" деши керек эле. Корутундуда тергөөчүлөр "айыпталып жаткан адамдар, алардын жактоочулары эч кандай жүйө келтиришкен жок" деп жазып коюшуптур. Бул катачылык. Ошол себептен жактоочулар тараптан ишти кайрадан артка жиберилсин деген өтүнүч келтирилген. Тилекке каршы, бул өтүнүч канааттандыруусуз калды. Жактоочулар далил катары кээ бир материалдарды алып келип, ишке тиркөө жөнүндө да өтүнүч киргизди.

Акыркы 111 миллион долларга доо келтирилди деген токтомду тергөөчү экспертизага жиберүүнүн алдында жактоочуларды жана айыпталуучуларды ошол токтом менен тааныштырышы керек эле. Айыпталып жаткандар эксперттерге өздөрүнүн суроолорун киргизе алышмак. Бирок ошол укуктарын айыпталуучулар пайдалана алган эмес. Себеби айыпталуучулар корутунду даяр болгондо таанышты. Ал эми прокурордун айыптоо корутундусу 120 барактан турат.

Алгачкы соттук угуулар бүгүн саат 18:00гө чейин жыйынтыкталат деп турабыз. Кийинки соттук отурумдар ЖМК өкүлдөрүнө жана эл үчүн да ачык болушу керек. Себеби мындай чоң иш элге ачык жарыяланышы зарыл. Жактоочулар сот отуруму ачык өтсүн деп талап кылуудабыз. Азыркы өтүп жаткан залга эл жана журналисттер батпайт. Ошондуктан Бишкек шаардык сотуна баралы дедик. Ал жактын Свердлов райондук сотунун залына караганда шарты жакшы жана залы чоң”, - деди Жоошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nursbaike
2019-02-27 13:52:43
Биротоло атамбайдын уйуно эле баргыла чон кооз уйу бар питаниядан жарыып природа дагы отдуши
0
Janibek_Mamytov
2019-02-27 14:46:24
Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат дейт. Актабай еле койгула, жегенин кусушсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан