Бүгүн шаардык сотто Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 21-июнда саат 14:00дө Бишкек шаардык сотунда "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук соту Калиевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Эске салсак, Айбек Калиев 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан