Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда ЖЭБ боюнча соттук-экономикалык экспертиза жасаган Гүлсара Асанова күбө катары сурак берүүдө. Отурум айыптоочу тарап менен айыпталуучулардын кайым айтышуусу менен өтүүдө.
Мамлекеттик айыптоочулар күбөгө берилген суроолор, анын жасаган ишине тиешелүү болбой жатканын айтышты. Буга мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Асанованын көрсөтмөсү силерге кызыксыз, ал эми биз үчүн абдан маанилүү. Бул жакта биздин тагдыр чечилип жатат", - деди ал.
Ал эми Сапар Исаков: "Сиз УКМКга жөнөтчү төмөндөтүлгөн коэффициент боюнча биринчи катта ката кетиргем дедиңиз. Жана аны жөнөтпөстөн расмий түрдө башка экинчи кат жөнөткөм деп өз сөзүңүз менен айттыңыз. Анда эмнеге кылмыш ишинде сиздин расмий кат эмес, катасы бар кат тиркелип калган?", - деген суроо берди. Буга күбө билбейм деп жооп берди.
Буга байланыштуу Исаков судьяга аталган катты ишке тиркөө боюнча өтүнмө кылды. Судья өтүнмө сурактан кийин каралат деди.