Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун туугандары: "Сот туура чечим кабыл алат деп ишенип турабыз"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)
Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен биргеликте мурдагы 7 аткаминерге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук алдын ала уктуруу жабык өттү.
Сапар Исаковдун сот отурумуна анын туугандары жана жердештери да келген. Алар сот туура чечим чыгарат деп ишенишет.
"41 жаштагы уулубуз чоңдордун тапшырмасын гана аткарды. Президент, парламент уруксат берген соң ишти жүргүзөйүн деп чуркады да. 1957-жылдан бери бузулуп, талкаланып калган ЖЭБди оңдоо керек деди. Буга жалгыз эле Сапар жооп береби? Жалгыз ал жооп бере албайт. Ага парламент чечим чыгарды.
Атамбаев менен Жээнбеков тирешип жатканда балабыз жапа чегип калбасын. Болбосо биз да башкалардай болуп эл-журт менен келип акыйкаттыкты талап кылабыз. Бирок сот туура чечим кабыл алат деп ишенебиз", - деди Исаковдун туугандары.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан