Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сурак берүүдө. Сурак учурунда Сатыбалдиев: "Өкмөттүн ар бир чечими бардык ведомстволордун катышуусунда жүргөн. Евгений Хафизов менен Кытайдын курулуш агенттигинин өкүлдөрү жок сот объективдүү өтөөрүнө көзүм жетпейт", - деди.
Буга чейинки соттук отурумдарда Сапар Исаков сурак берип, негизги күбөлөр делген Хафизов менен Асанованын отурумдарга келбегендиги үчүн судьяга нааразы болгон. Судья аларга чакыруу жөнөтүлгөнүн айткан. 31-октябрда соттук отурумда Жантөрө Сатыбалдиевдин кан басымы көтөрүлүп, отурум жылдырылган болчу.