Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды

20-июнда экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралды.

Сот Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. Отурумга кирип бара жатып Сатыбалдиев күнөөнү эч качан моюндабай тургандыгын айткан.

Эске салсак, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген.

Айта кетсек, июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.

Ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин SUPER.KG порталына ЖЭБди модернизациялоо боюнча кеңири маек берген. Аны төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар.

Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
izdeim_seni
2018-06-20 21:33:56
"Оорусаңыз таарынам, оорусаңыз таарынам, оорубаңыз!")))
+30
010288
2018-06-20 23:27:06
izdeim_seni,жардынго
+2
futboler
2018-06-20 21:52:43
Азаматсыз президент, эми жегендердин баарын камап эле тим койбостон кустурунуз, ишинизге ийгилик
+12
Tolkun555
2018-06-20 22:08:19
Топтогон байлыгын мамлекетке откоруш керек.карыздан кутулуш керек
+12
Salaf
2018-06-20 22:27:46
Булдагы ооруп калаар бекен?.Админ, тиги уяты жок жегич чиновниктердин элден акча чогултуу жөнүндөгү теманын бирөөсүн талкуу үчүн ачып койсоңор.Эмнеге эл төлөш керек тышкы карызды? Элге кандай пайдасы тийди ал акчанын? Ушундай карыз турса көчмөндөр оюнуна ХХХХХХХ барбы?
+5
munar1980
2018-06-20 22:32:08
Чын эле жеген болсо баарын кустуруш керек Органдын адамдары алы жетпесе Аллахым озу жазасын берсин.
+6
almanbetperm
2018-06-20 22:41:18
Текшерип койгула ооруп журбосун
+6
jbolotov
2018-06-20 22:48:40
Ушундай уяты жоктор камалып жегенин толошсо болот эле.
+9
Aiziyajazi921315
2018-06-20 22:59:54
Элдин акчасын жеп, эч нерсе болбогондой жургондорду жакшылап кустуруш керек Урматтуу Бийлик!
+4
Jelezo
2018-06-20 23:03:49
Корупционерлердин сүрөттөрүн чооң плакат кылып көчөлөргө илип коюш керек эл таанып алсын балдары да кандай тамак менен чоңойгонун билип жүрүшсүн. Ал эми тышкы карыз үчүн акчаны каалочулар колунан келишинче мамлекетибиз үчүн төгүп берсек болот р/счёт номерин чыгарса 1000 сом которот элем.
+1
cubich
2018-06-21 09:54:31
Jelezo, 1000сомун аз дааа, ар бир Кыргызстандык жаранга ар бирине 710 $ дан туура келет экен карыз. Ошондо сомго которгондо 49000 сомдон чогултуш керек болот.
0
titanik32
2018-06-21 02:32:27
Дарыя суу кечмектерди этияттап карагыла,резина өтүгүн алып койгула суу кечип качып кетбесин.
+2
Natun
2018-06-21 10:24:08
Жантөрө жер каймактагандан бери бийликте, болгондо да майлуу жерлерде жүрөт, анан кантип жебесин, тентуштары жеп жатса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан