Бүгүн, 25-ноябрда "Азаттыктын" чуулгандуу иликтөөсү боюнча Ак Үйдүн алдында митинг болуп өттү.
"Livejournal" аянтчасында (ред. аталган сайтта колдонуучулар тарабынан блогдор жарыяланып турат) жогорудагы митингди уюштуруунун артында кайсы күчтөр турушу мүмкүн деген маңызды камтыган пост жарыяланды.
"Акыркы учурда Кыргыз өлкөсү КМШ жана ЕАЭБдин алкагында, коңшулар менен кызматташуу багытында активдүү иш алып барып жатат. Бирок соңку окуяларга караганда, чет мамлекеттердин бири Кыргыз мамлекетинде баш аламандык жаралышын каалап жаткандай жагдай түзүлүүдө. Соңку окуялар дегенде бул - "Азаттык", "Клооп" америкалык маалыматтык агенттиктери, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борборунун Кыргыз өлкөсүнөн акча каражаттарын чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөөсүн айтууга болот, ошондой эле Айэркен Саймаити Түркияда киши колдуу каза болду. Бишкек шаарында өтөрү айтылган митинг тынч болобу же чагымчылдык менен коштолобу, аны айтуу татаал. Бирок Кыргыз өлкөсүндө үчүнчү күчтөр катышпаган мындай иштер чанда гана болот", - деп жазылган блогдо.
Андан ары үчүнчү күчтөр кимдер болушу мүмкүндүгү тууралуу Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбору коммерциялык эмес америкалык долбоор экендиги жазылып, БУУ, ЮСАИД жана Жорж Соростун институту тарабынан грант иретинде колдоо алып турары айтылган. Аталган медиаресурстун башкы редактору Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу иликтөө боюнча социалдык тармактагы баракчасына "Биз иликтөөнү баштадык. Бул долбоорду аяктоо үчүн түнү-күнү иштедик. Биздин иликтөөдөн кийин дүйшөмбү күнү президент жана парламенттин имаратынын алдында каршылык акциясы өтөрү пландалууда" деп жазган.
Блогдун автору жогорудагы башкы редактордун билдирүүсү аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн ишине америкалык бейөкмөттүк уюмдун кийлигишүүсү болуп калбайбы деп суроо салат. "Же бул чет мамлекеттин аймагында массалык баш аламандык уюштуруу эмеспи? Ал жагын коомчулук жана компетенттүү органдар чечет. Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүндө президенттин жана бир катар министрлердин отставкасын талап кылган билдирүүлөр да социалдык тармактарда жарыяланууда. Азыркы кырдаалга баа берүү үчүн "Кыргыз мамлекетиндеги баш аламандык кимге пайда алып келет?" деген суроо берүү керек", - деп жазат блогдун автору.