Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум 29-ноябрь саат 15:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жатышкан экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун кылмыш иши каралды. Соттук отурум Атамбаев келүүдөн баш тартканына жана Раимжанов стационардык дарыланууда болгондугуна байланыштуу жылдырылды.