Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн,12-декабрга белгиленген соттук отурум уланууда. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышып жатат.
Ал эми Алмазбек Атамбаев отурумга катышкан жок. Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Жактоочу Замир Жоошев билдиргендей, "Атамбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу отурумга келе алган жок. Учурда аны УКМКнын дарыгерлери карап жатыптыр. Эмки соттук отурум 17-декабрга белгиленди", - деди Жоошев
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.