Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотунун имаратында өтүүдө

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 23-январда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов келди. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин отурумга келбегендиги айтылууда.

Буга чейин соттун чечими менен УКМКнын имаратында өтүп жаткан процесс жактоочулардын сотко бир нече жолку келтирген өтүнмөлөрүнөн кийин сот залына которулган.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alimbek1000
2020-01-23 15:10:28
АША жооп бер!!
-1
robot111
2020-01-23 15:25:28
Акаев, Бакиев президент болуп турганда дагы Батукаевди бошотуу боюнча ири суммалар сунушталып, бирок кылмышкер бошотулган эмес. Кримтөбөлдүн ишинде миллиондогон акчалар маанилүү ролду ойногондуктан Атамбаев баарына кайыл болуп, бошотуп жиберишти.
-3
zhaku2017
2020-01-23 15:38:02
Alimbek1000,Сокенин этегине барып намаз окуп, кошомат кылгандар, бүгүн Атамбаевтин артына суу куюп журушот. Кээче эле ошол адамдар, Сооронбай Жээнбеков баш болуп Атамбаевтин жанында жүрүшкөн. Бүгүн Сооронбай өз кызыкчылыгы үчүн баарына иттик кылып кетти. Кайда барба Сооронбайдын ишине нааразы болгон жарандар.
+2
Alimbek1000
2020-01-23 15:12:07
АШАнын башын Батукаев жутат.
-2
iryi1
2020-01-23 15:34:29
Alimbek1000,
Сооронбайдын башын эл жутат. Сооронбай Жээнбеков өзү агарып, көгөрүп Атамбаевтин аркасы менен келген. Сооронбай келгени элибиз эзели бир жакшылык көргөнү жок. Сооронбай кетсин.
+4
Absamat-90
2020-01-23 15:12:16
Кыныр иш кырк жылда билинет. Атамбаев 6 жылда кылган кылмыштары учун жооп берчу мезгил келип жетти.
-3
altyn-kumush
2020-01-23 15:15:04
Сот отурумуна келгендердин баары жакында Батукаевдин коллегалары болот
-2
chake
2020-01-23 15:21:49
Атамбаев акча десе апасын деле сатчуу окшойт бул приказ бербегенде Батукаев аэропорттон жашыл залдан учмак эмес забордон ашып качмак
-3
Jaznura
2020-01-23 15:22:51
Батукаевдин кылган иштерин Атамбаев эмнеге эске алган жок.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан