Жактоочу: "Садыр Жапаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карала турган болду"

Камакта отурган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов 26-ноябрда кабарлады. Жактоочунун айтымында, Жапаровдун күнөөсүз экенине далил болуп бере алчу видеокайрылууларды Бишкек шаардык прокуратурасы карап чыгып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн материалдарды Биринчи Май райондук прокуратурасына өткөрүп берди.

"Бишкек шаардык прокуратурасы видеокайрылууларды карап чыгып, Биринчи Май райондук прокуратуранын 29-августта "жаңы жагдайлар жок" деп чыгарган токтомун бузду жана кайра кошумча текшерүү жасап, мыйзамдуу чечим кабыл алууну тапшырды. Эми райондук прокуратура кошумча текшерүүдөн кийин ишти кайра карап чыгууну райондук сотко өткөрүп берет", - деди Токтосунов.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-колонияда жазасын өтөп жатат.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
omuke8993
2018-11-26 10:04:55
Акыйкаттык женип чыгаарына толлук ишенем элдин уулу акталсын!
+13
RusMos76
2018-11-26 10:57:52
Буйруп акталып калсын эми!
+9
Bazake
2018-11-26 11:24:56
Садырдын ордуна Атамбаевди отургузуу керек!
+9
Erik2018
2018-11-26 11:27:01
АШАны дагы камаш керек. Аны камоого убакыт сааты келип жетти.
+10
uli1234
2018-11-26 11:30:13
Атамбаевди камаш керек, байлыгын мактана берип тажатты
+7
BekAmir
2018-11-26 11:37:59
Садыр Жапаров элдин уулу
+5
Maks1
2018-11-26 23:40:28
Мен ишене албай турам акталышына анткени соттор кекиртегине чейин ашанын жемине тоюп алышкан .
0
Alixan-Nookat.2015
2018-11-27 23:26:06
Эми акталат буюрса эгер актай турган ой жок болгондо жаңы жагдай чыксада ишти кайра карамак эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан