Бакыт Төрөбаев: "Паспорт мафиясы тамырлап, биздин өлкөгө эбегейсиз зыянын тийгизди"

Депутат Бакыт Төрөбаев мамлекеттик документти мыйзамсыз жасап берген кызматкерди өз элин саткан адам деп эсептей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Британиялык Би-Би-Си корпорациясы Стамбулдагы Кытай ишкери, уйгур улутундагы Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча, Кыргыз мамлекетиндеги коррупция консулдукка чейин жеттиби деген баш сөз менен бүт дүйнөгө макала таратты. Мындай көрүнүш Кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдары тарабынан көз боёмочулук боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган Саймаитиге Кыргыз паспорту берилип, консулдун автоунаасы менен жүрүп, Кыргыз мамлекетин бүт дүйнөгө уят кылды. Буга байланыштуу мен сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргыз мамлекетинин улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү болгон Кыргыз жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарынын корголушу боюнча курч маселеге бургум келет.

Урматтуу кесиптештер, паспорт бул мамлекеттик документ. Ал жарандын кайсы мамлекеттен экендигин аныктайт. Эмне үчүн акыркы жылдары эл аралык криминалдар Кыргыз мамлекетинин паспортун колдонууну адатка айландырып алышты? Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2015-2017-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 64 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 34ү гана сотко жетип, жоопкерчиликке тартылган. Калганы тергөөнүн жүрүшүндө кыскартылып же жабылып калган. Эмне себептен ал иштер жабылган, артында ким турат? Паспорт мафиясы тамырлап, биздин өлкөгө эбегейсиз зыянын тийгизди. Кыргыз паспортунун кадыр-баркы, чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынын укутарына, мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч жаратууда. Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө биздин жарандардын паспортун текшерүү күчөп, Кыргыз паспортуна болгон ишеним азайды. 2010-2017-жылдар аралыгында паспорттор кайдан даярдалып берилгендиги боюнча Башкы прокуратура, УКМК тыкыр текшерүү жүргүзүш керек. Мамлекетибиздин мигранттары, студенттер жүрөт. Өзүбүз чет мамлекетке чыгабыз бизди текшерсе таң калбайлы, анткени биз шектүү болуп калдык, ага өзүбүз күнөөлүбүз. Бул маселени биздин комитет өз көзөмөлүнө алыш керек. Мамлекеттик документти мыйзамсыз жасап берген кызматкерди өз элин саткан адам деп эсептейм", - дейт Төрөбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан