ЖЭБ соту: Прокурорлор соттон Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айып салууну сурашты

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча коюлган айыпты "коррупция" беренесинен "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөртүү сунушталды. Мындай сунушту мамлекеттик прокурорлор ЖЭБ боюнча соттук отурумда бүгүн, 27-ноябрда сотко айтышты.

Прокурорлор Артыкбаевди 5 миллион сом төлөөгө милдеттендирүүнү соттон сурашып, ал бул сумманын бир бөлүгүн буга чейин төлөгөнүн белгилешти. Судья бүгүнкү отурумда Артыкбаев мамлекетке 100 миллион сом каражат төлөп бергенин айткан болчу.

Соттук отурумда Жантөрө Сатыбалдиевге, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго, Темирлан Бримкуловго карата айыптоону "коррупцияга шериктеш болуу" беренесине өзгөртүү да сунушталды. Ольга Лаврованынын үй камагы чарасын камакка алууга өзгөртүп, 7 жыл алты айга эркинен ажыратууну сурашты.

Прокурор Сапар Исаковду 15 жылга камоону сунуштады. Жактоочунун жообу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2019-11-27 21:27:54
111 млн доллар төлөсүн ууру зектер
+5
Absamat-90
2019-11-27 21:33:16
Офшорго которулган акчаларды кайтарсың казынага. Кытайга 2024- жылы төрөлгөндөр кошо төлөйт бул акчаны.386 млн долларды 500 млн кылып төлөө керек. Тарыхта эң көп карыз бойдон калат.
+1
Maralay
2019-11-28 10:48:43
Артыкбаев ак болсо да жигиттик кылып уже 100 миллион сом толоду. Чыныгы жегендео ун катпай эле когоруп отурушат.
+1
Maralay
2019-11-30 12:49:55
Артыкбаев актылашы керек. Анткени ТЭЦ боюнча чечим Артыкбаев кызматка коюлганга чейин эле жогорку денгээлде чечилген. Артыкбаев модернизация башталганга чейин эле кызматтан кеткен. Аны жон эле Калиев, Лавровалар жалаа жаап кармап отурган. Алар акыры чындыкка моюн сунуп, корсотмолорун озгортуп, Артыкбаев ак экени далилденип жатат.
0
AliAzat
2019-11-30 13:04:43
Артыкбаев ак жерден торго илинип, бир жылдан ашык куноосуз турмодо отурганы билинип жатат. Эми жок дегенде сот адилеттигин корсотуп, Артыкбаевди бошоткону туура болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан