"Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси, учурдагы Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов тергөө иштери аяктаганга чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Сулаймановдун айтымында, Авазовдун жакындары шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. "Салайдин Авазовдун баш коргоо чарасы кечээ, 7-майда Бишкек шаардык сотунда каралды. Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Авазов тергөө аяктаганга чейин абакта калсын" деген чечим чыгарган. Буга байланыштуу шектүүнүн жакындары үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Ал эми шаардык сот кайрадан эле тергөө иштери аяктаганга чейин Авазовду УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды", - деди Сулайманов.
Айта кетсек, 17-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялар" ишканасынын мурунку директору Салайдин Авазов жана анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("коррупция") 1-бөлүгү боюнча шектүү катары УКМК тарабынан кармалган.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн.
Буга чейин УКМК тарабынан "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев, ушул эле мекеменин техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиевдер кармалгандыгы маалымдалган.