
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар
Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси
Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин
кабыл алган.
Бүгүн, 23-апрелде алар абакка жеткирилгенин ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.
"СИЗО-1дин учурда бардык камералары толуп калды. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда отурган адамдар СИЗОго алып келиниши керек. Мындан улам жаза өтөө режими жана орду аныкталган жарандар бүгүн, 23-апрелде Чүй жана Бишкек шаарындагы абактарга жайгаштырылды. Тактап айтканда, Сапар Исаков №8 түзөтүү абагына, Салайдин Авазов №27 түзөтүү абагына жеткирилди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев өзү аларды алып кетүү кезегин күтүүдө", - деди басма сөз кызматынан.