Бүгүн, 29-октябрда Бишкек жылуулук борборун жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишине айыпталуучулардын кызыкчылыгын коргогон жактоочулар маалымат жыйын өткөрүүдө. Алар Замир Жоошев, Нурбек Токтакунов, Бакыт Жумашев жана Майрамбек Жумабеков.
Жактоочулар сот отурумдарына негизги 2 күбө келбей жатканын, алар эркиндикте болуп, соттук токтомдорду аткарбай жаткандарына токтолушту. Алар билдиргендей, буга чейинки бардык көрсөтмөлөр негизги күбөлөр делген ошол 2 адамга багытталууда. Бирок тиешелүү тараптар эмнегедир отурумдарга келтире албай жатышат. Ошол эле учурда камакта отурган айыпталуучуларды мажбурлап алып келишүүдө.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө жактоочу Замир Жоошев суракка келбей жаткан эксперттерге токтолуп, сотко нааразычылыгын айтты.
"Эксперттерден жыйынтык боюнча сураганыбызда алар негизги күбөлөр делген Асанова жана Хафизовго шилтеме кылышкан. Эң башкы күбөлөр Хафизов жана Асанова болуп жатат. Алар соттон үч жолу чакыруу алып, бирок келбей коюшту. Үч адамга күч менен алып келүү жөнүндө токтом чыккан. Бирок кечээ ал нерсе Исаковго гана карата аткарылып, аталган эки жаран үчүн аткарылган жок. Эмне үчүн сот адилеттүү мамиле жасабайт?", - деди Жоошев.