Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.
Анда тараптарга жарыш сөз берилди. Бүгүнкү отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов жарыш сөзгө чыкты. Анда жактоочу ЖЭБ боюнча соттук-экономикалык жана курулуш боюнча жасалган экспертизанын жыйынтыгы менен Исаков кеч таанышканын айтты.
"Тергөө ушул экспертизанын жыйынтыгына таянып, Исаковго айып коюп жаткандан кийин, биз аны менен таанышууга, жыйынтыгы менен макул болбосок, кайрадан экспертиза жасатууга укугубуз бар эле. Бирок биздин өтүнмөлөрүбүз эске алынган жок. Отурумда Исаков судьяга бир нече жолу экспертизаны жүргүзгөн эксперттин суракка келишин өтүнмө кылган. Бирок ал өтүнмө дагы аткарылган жок. Экспертиза боюнча процедура мыйзам бузуулар менен жүрдү. Бул нерсе эксперттер тергөөгө керектүү гана жыйынтыктарды берген дегенге негиз болот", - деди жактоочу.