Депутат консулдук номерлүү унаанын кылмыш болгон жерден табылганы боюнча: "Биз дүйнөнүн баарына уят болдук, бул биринчи жолу эмес"

"Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча консулду иштен алдыңар, бирок бул боюнча ТИМ жооп береби?", - деп бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев айтты.

"Издөөдө жүргөн адам Түркияда дипломатиялык номуру бар унаа менен жүрүп, киши колдуу болду. Түркиялык басылмалар ал башкы консулдуктун кызматкери болгон деп жазууда.

Консул Эркин Сопоковду кызматтан бошоттуңар, ал кандай жазага тартылат? Эсиңерде болсо, консулдукка байланыштуу биринчи окуя эмес. Бир жыл мурун Кореядагы консулдукта да ызы-чуу болгон. Ал жакта унаалар сатылат деген кеп тараган. Тышкы иштер министрлиги бул фактыларга жооп береби?", - деди депутат.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Учурда тергөө жүрүүдө. Унаа жеке адамга катталганы айтылууда, бирок мамлекеттик номуру боюнча маселе бар. Баары текшерилип жатат. Учурда тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди.

"Унаа Сопоковго таандык болгон. Учурда эмне себептен ал унаа жеке компанияга өткөрүлгөнү текшерилип жатат. Мыйзам чегинде ал жоопкерчиликке тартылат", - деп кошумчалады тышкы иштер министри Чыңгыз Айдаралиев.

Буга депутат: "Биз дүйнөнүн баарына уят болдук! Бул биринчи жолу болуп жаткан жок", - деп кошумчалады.

"Сөзсүз түрдө чара көрүлөт", - деди өкмөт башчы.

Эркин Сопоков башкы консул болуп 2017-жылдын 17-апрелинде дайындалган. 11-ноябрда Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Бул окуядан улам Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоков 12-ноябрда кызматынан бошотулган.

Эске салсак, Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда, Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айтып чыккан. Анын катарында элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар, дипломатиялык паспорт, дипломатиялык карта, кеңсенин ижарасына байланыштуу коррупциялык иштер, кээ бир чиновниктердин чет өлкөдөгү жоруктары тууралуу элге жарыялаган. Атүгүл президент Сооронбай Жээнбековго мунун баарын жеткирүү далалаты ишке ашпай калган. Тескерисинче, Кылычбек Султан жогорудагы аракеттеринен кийин кызматтан алынып, куугунтукка кабылганы маалым.

Анын ичинен унаа тууралуу мурдагы элчи: «Машина элчиликке катталган, бирок андай автомобиль баланста жок болчу. Ошентип баасы 100 миң долларды чапчыган машинеге заказ беришип, аны чет өлкөдөн Малайзиянын чек арасында каттоодон өткөрүп алып келишип, дипмиссияга таандык деп катташыптыр. Машинаны алып киргенде төлөнө турган каражат, акциздик салык, ар бир жан башынан алынган салык, трансфер жана лицензиялык алымдардан бошотулган. Натыйжада элчиликтин мурдагы кызматкеринин аты-жөнү ачыкка чыкты. Машинага дипномер беришет, ошону менен катар айдоочу дайындоо боюнча буйруктун көчүрмөсү да табылды», - деп айтып берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан