Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Соттук отурум Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча болот.

Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы Атамбаевдин алып келингенин тастыктап, соттук отурум болуп жатканын билдирди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев 15-ноябрдагы соттук отурумга катышуудан баш тарткан.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин ага коррупция, массалык баш аламандыкты уюштуруу, барымтага алуу, адам өлтүрүү жана башка оор кылмыштарга айыпталып жаткан. Анын бөгөт коюу чарасы 9-августта каралып, 26-августка чейин камакка алуу чечими чыккан. Андан кийин бул мөөнөт 26-октябрга чейин узартылган болчу.
25-октябрда Алмазбек Атамбаевди камакта кармоо мөөнөтү 2 айга узартылган.

“Атамбаев сотко өз эркине каршы алып келинди". Жактоочу бул тууралуу эмне дейт?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Jaznura
2019-11-29 15:52:45
Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна гана эмес адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал жарак колдонуу, кишилерди барымтага алуу, маасалык тополоң уюштуруу ж.б кылмыш иштери боюнча жооп берүүгө тийиш.
+11
altyn-kumush
2019-11-29 16:20:57
Jaznura,Атамбаевге беренелер жетиштуу, баарын эсептеп чыкса турмодон чыгуу ыктымалдуулугу нолго барабар
+6
Bektur2011
2019-11-29 16:24:55
altyn-kumush,сенин башын абдан иштейт экен! Нөлдөн да төмөн түшүп минуска жетип барышы да мумкун
+7
Alimbek1000
2019-11-29 16:29:37
АША 6 жыл мамлекетти өнүктүргөндүн ордуна артка кетирип Кытайдан олчойгон карыз алып мамлекетти сызга отургузду. Кыскасын айтканды айланасына ууру, жемкорлорду жыйнап алып ошолордун колу менен өзү да акча топтоп алган!
+5
Ernestinio
2019-11-29 15:53:42
Мурда эле алып келиш керек болчу, конулуно карасан назданып эле отура берчудой
+8
Bektur2011
2019-11-29 15:53:45
Атамбаев өтө катуу жазалансын! Батукаевди качырып жасалма акча алып деле пайда тапкан жок алкаш!
+6
chake
2019-11-29 15:59:25
АША келесоо болбосо Мен баймын, деп кайсыл маилекеттин президенти айтты эле, акмак болбосо менин мамлекетим бай дегенди билиш керек эле, и мамлекетти байытыш керек эле, калжыңдап кайсы мамлекетке барса да тынчым кетип тураар элем, дагы бирдемени балп,этпесе экен деп
+8
KG-zigit
2019-11-29 16:07:13
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт болбой,жасаган иштерине жооп бериши керек.
+6
Kyrgyz_bloger
2019-11-29 16:16:38
Кошоматчылар силер иш кылбай эле эртеден кечке супер инфодо олтурасынар го дейм а качан саясат жонундо жанылык чыкса только Атамбаевды жамандап азыркы бийликти мактайлы деп.
-5
aza84
2019-11-29 16:23:06
Kyrgyz_bloger,туура кошулам
-6
altyn-kumush
2019-11-29 16:31:05
Kyrgyz_bloger,Билдирүүлөр: 2 053 Статус: Супер-активист

Сен өзүң супер-активист турбайсыңбы.....аңдып эле жатат окшойсуң билдирүүлөрүңө караганда))))))
+4
Kyrgyz_bloger
2019-11-29 16:51:16
altyn-kumush,ал билдируулор бул жака тиешеси жок,сен жазып жатканын эсептелип жатабы?ал деген суперстандагы конул ачуу жана башка ар кандай темалардагы.
+1
Mister-X
2019-11-29 18:43:27
Kyrgyz_bloger,Сен ощондо куноосу жок дегени турасынбы? Кыргызстанды ушундай акыбалга алып келген ким?
0
MENMINGO
2019-11-29 16:20:07
Алмазбек Атамбаев ак ийилет, бирок сынбайт. Сиз Аллахтын, жана тарыхтын алдында аксыз!
-7
Bektur2011
2019-11-29 16:25:55
MENMINGO,Сен агымга каршы сүзгөн кандай келесоосуң! АШАнын кылмышкер экени жаш балага деле маалым болуп бүттү го
+6
Makul
2019-11-29 16:26:05
Сизге кыянаттык кылып сатып кеткендер да бир убакта өз жазасын алышат Кудай буюрса!!!
-6
altyn-kumush
2019-11-29 16:32:31
Makul,Атамбаев Кудай деп жургондо бул абалга тушмок эмес! Жаратканды жайына кой
+6
Mister-X
2019-11-29 18:46:57
Makul,АША да бироого,кыргыз элине кыянаттык кылган.Жакшы президент болсо, озу байыбай мамлекет бай болот эле.Шопур,жансакчылары жогорку бийликтерге отурушту.Каалагандай тайрандады. Ошол далил эмеспи... Раим миллион да Атамбаевдин адамы болгон.
+1
altyn-kumush
2019-11-29 16:34:09
Ак болсо сот эшигин эчак тээп кирмек, жаш баладай болуп соттон качып журбой
+6
bekbol2006
2019-11-29 17:12:01
Омур бою камалсын
0
555-777
2019-11-29 17:17:28
Соо эле бекен? Кытайдан алып келген рюмкасы кайда калды экен!
+4
pyeon hwa
2019-11-29 17:33:49
Алмазбек А. жана Ссоронбай Ж. экоондо тен очойгон кылмыштары бар экоо тен камалышы керек
+4
Nazar76
2019-11-29 22:16:56
Ашаны Соттоп камалайын дегенде эле кокуй бул жагым ооруп кетти Тиги жагым ооруп кетти деп шылтоо менен чыгып албаса эле болду Бизде озу моодага оорукчан экен деп чыгарып коймой
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан