Бүгүн, 14-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу өтмөк. Маалым болгондой, ишти судья Эмил Каипов карайт. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келүүдөн дагы баш тарткандыктан, ал эртеңки күнгө жылдырылды.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев 11-октябрда өткөн соттук отурумга келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу 14-октябрь саат 14:00гө жылдырылган эле.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Бул иш боюнча 19 адамга айып тагылган.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.