Жактоочу: "Алмазбек Атамбаев "эгерде мени соттук отурумга күчтөп алып барышса, анда мен ачкачылык жарыялайм" деди"

Бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу өтмөк. Бирок бул жолу да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу дагы жылдырылды.

Жактоочу Замир Жоошев: "Алмазбек Шаршенович башында эле соттук отурумга баштан-аяк катышпайм деген. Бир да жолу көрсөтмө берген эмес жана бул чечимин өкүм чыкканга чейин өзгөртпөйм деп айткан. Бирок сот мурдагы президент соттук уктурууга катышпайм деп эле койбой, "менсиз эле карай беришиңерди суранам" деген өтүнүч келтириши керек деп жатат. Бул туура эмес. Анын катышуусу жок эле баштапкы соттук отурумду өткөрүп койсо болот. Атамбаев суранбайм деп жатат.

Эртең, 14-октябрда саат 2де өтчү соттук уктурууга судья конвойго "Атамбаев келгиси келбесе, анда күчтөп алып келгиле" дегендей кылды. Ал эми тергөө изоляторунда кармалган адамды процесске күчтөп алып келүү боюнча мыйзамда мүчүлүштүк бар, мындайча айтканда, ал тууралуу жазылган эмес. Ошон үчүн мыйзамга ылайык Атамбаевди соттук уктурууга мажбурлап алып келе алышпайт.

"Эгерде мени соттук отурумга күчтөп алып барышса, анда мен ачкачылык жарыялайм" деди Атамбаев. Азыркы учурда мурдагы президенттин кан басымы да түшүп кеткен. Өзүнүн айтымында, 1 же 2 жолу эле тамактанбай койсо, бутуна тура албай калчу абалда. Эгерде бийлик менин өлүмүмдү кааласа, анда ушундай жол менен ошого жетише алат. Мен тамактанбайм коём деп өзү айтты. Муну биз элге айтып коюшубуз керек",
- деди.

Буга чейин 11-октябрда өткөн соттук отурумга Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу 14-октябрь саат 14:00гө жылдырылган эле.

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум: Атамбаев ачкачылык жарыялайбы?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
SHERBOLAT
2019-10-14 15:42:32
Алмазбек Шаршенович сиз эмне аксызбы. Кылган нерсенизни мойнунузга алыныз. Жонокой адам болгондо ой-пойуна койбойт болчу
-1
-Dybala-
2019-10-14 15:42:58
Атамбаевди красавчик!
+1
maksat_osh
2019-10-14 15:47:28
Атамбаев эле алдында жузү жарык!
-3
Mamiev
2019-10-15 11:37:56
maksat_osh,Элдин атынан сүйлөгонду качан токтотот экенбиз а. Сенин алдында жарык болушу мүмкүн бирок Атамбаевти көргүсү келбегендер толтура
0
maksat_osh
2019-10-14 15:47:51
Атамбаев мыкты президент болуп, балдарын саясатка аралыштырбай.
0
kuttubekuzgen
2019-10-14 16:34:24
maksat_osh,туура айтасын балдарын аралаштырбады, бироок шопурун охранигин досторун аралаштырганы баарынан ашып отту.
+12
titanik32
2019-10-14 15:56:57
Убагында күчтүү жеген Кыргызстанды,эми ачкачылык жарыялай берсин.Бизге баары бир эмесби ачкачылык жарыялап олтурса өз шору.
+12
Eli.91
2019-10-14 16:57:04
Ачкачылык жарыяламак тугул оозун тигип алсада баарибир.
+8
Dembele84
2019-10-14 17:44:16
Атамбаев озуно баш ийчу президент койом деп адашып и шайлоону бурмалап озу каалаган адамды койгону учун,ошонун азабын озу тартып отурат
+8
mirkaa5182
2019-10-14 22:15:56
Атамбаев ачкачылык жарыялаганың менен пайда жок, андан көрө жылуу жумшак кызыктуу китептен алдырып окуп отурганың пайдалуубу.
+4
Samatalibei
2019-10-14 23:31:46
Эмне кылсаныз да Болор иш болду кино бутту эми. Сиз модадан калдыныз сизге эчким конул бурбай калды. Эл эчкимге ишенбей калды баары элди кыйнап келишкен элди ойлогон эчким жок!
+6
milan-707
2019-10-15 08:07:25
Аша мен коркуп кетим андай кылба дегенибизди кутуп жатсынбы эртен тез баркын
+4
Tolik777
2019-10-15 08:39:07
Атамбаев эркек адам!
-8
altyn-kumush
2019-10-15 09:19:56
Жеп-жеп алып эми ачкачылык жарыялайм дегени кандай? Ачкачылык жарыяласа деле ач калбай турган болуп алган. Эти деле жакшы кыштан чыгып кетет. Кайра жаз келгенче токолдору да барып калар кызмат кылганы.
+4
Absamat-90
2019-10-15 09:33:31
Мыйзамга баш ийбегени эмнеси,жаш баланын жоругун кылып.
+1
chake
2019-10-15 09:39:23
Батукаев десе эле колу буту шал болуп калат экенго Атамбаев мынчалык соттон качып тайсалдаганына караганда АША жүз пайыз кунөөкөр экенин билинип калды ачык эле
+4
Ernestinio
2019-10-15 12:24:01
Башкалар айтса жарашмак, бирок Атамбаев озу убагында политиктерди кубалап, баары закон бойунча жоп бериш керек дебеди беле, эми озу законду бузса боло берет бекен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан