Бүгүн, 21-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурум жабык эшик артында болду. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бул процесске дагы катышпаганын анын жактоочулары айтышты.
Соттук отурумдан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв SUPER.KG порталына кийинки соттук отурум Биринчи Май райондук сотунун имаратында болорун билдирди.
"Бүгүнкү отурум дагы өтүнмөлөрдү келтирүү менен өттү. Күбөлөрдү чакыруу боюнча өтүнмө, отурумду сот залына жылдыруу тууралуу өтүнмөлөр келтирилди. Отурумда Рамзан Кадыровду, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Адам Делимхановду жана Жаныш Бакиевди күбө катары чакыруу боюнча билдирүүлөр айтылды. Аларды сотто же эл аралык табыштама боюнча алар жашаган өлкөдө күбө катары суракка алуу өтүнмөлөрү келтирилди. Аталгандар мурдагы вице-премьер Шамиль Атахановдун көрсөтмөлөрүндө эскертилип жатат да. Бирок сот андан баш тартты. Жактоочу тарап бул күбөлөрдүн Кыргыз өлкөсүндө же башка мамлекетте болсо дагы Батукаевдин иши боюнча суракка алынышын суранып, талап кылды. Бирок сот бул суроо-талапты канааттандырган жок", - дейт жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.